# 38-берене. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун уюштуруучулары жана акционерлери

- Документ: [Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 "Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230026520/edition/31541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026520/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө, 38-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-38

---

1. Акционердик коомдор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган талаптарды эске алуу менен жеке жана юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун уюштуруучулары жана акционерлери боло алат.

2. Мамлекет Министрлер Кабинетинин жана/же Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын же мекеменин атынан гана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун уюштуруучусу жана акционери боло алат.

3. Бенефициардык ээлик кылуучуларды кошкондо, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ири катышуучусу болууга ниети бар жеке жана юридикалык жактар камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун капиталына ири катышуучунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугун ыйгарым укуктуу органга олуттуу катышууну сатып алуу боюнча бүтүмдөр жасалганга чейин 30 календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө тастыктоого, ошондой эле өз иши, финансылык абалы, катышуучулардын курамы жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү.

4. Төмөнкүлөр камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ири катышуучулары боло албайт:

1) аларга карата террористтик же экстремисттик ишке катышкандыгы жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмектеринде турган юридикалык жактар (террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын жыйынды санкциялык тизмеги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жыйынды санкциялык тизмеги);

2) экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар же мамлекеттик бийликке каршы кылмыштар үчүн алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар жеке адамдар;

3) өз иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды жана аларды ишенимдүү идентификациялоого жана бенефициардык ээлик кылуучуларды кошкондо, юридикалык жактын катышуучуларын изилдөөгө мүмкүндүк берүүчү башка каалаган маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте бербеген же болбосо бенефициардык ээлик кылуучуларды кошкондо, юридикалык жактын катышуучуларын идентификациялоого жана изилдөөгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды берген жеке жана юридикалык жактар;

4) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ири катышуучусунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугун тастыктабаган жеке жана юридикалык жактар.

5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын же болбосо камсыздандыруу уюмунун капиталына олуттуу катышууну сатып алууда анык эмес (жалган) маалыматтарды берген жеке же юридикалык жактардын же болбосо ушул Мыйзамда коюлган талаптарга ылайык келбеген жактардын камсыздандыруу уюмунун капиталына камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ири катышуусунун үлүшүн сатып алуу менен байланышкан бүтүмдөр жарабаган бүтүмдөр болуп саналат.

Ыйгарым укуктуу орган жарабаган бүтүмдөрдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу жөнүндө талап менен сотко кайрылат. Ыйгарым укуктуу орган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ири катышуучулары жөнүндө маалыматтарды көз каранды эмес реестр кармоочудан суроого жана алууга укуктуу.

6. Ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн учурларда, кворумду аныктоодо жана чечимдерди кабыл алууда мындай акциялар боюнча добуштар эске алынбайт. Эгерде мындай акциялар боюнча добуштардын саны чечимдин маани-маңызы боюнча кабыл алынышына таасир тийгизсе, мурда кабыл алынган бардык чечимдер жараксыз деп эсептелет.

7. Ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн учурларда камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ири катышуучусу алты айдын ичинде камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун өзүнө таандык болгон акцияларынын санын камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун ири катышуучусунун үлүшүнөн төмөн деңгээлге чейин азайтууга милдеттүү. Ушул бөлүктөгү талаптар аткарылбаган учурда ыйгарым укуктуу орган ушул жактардын көрсөтүлгөн талаптарды аткаруусу үчүн сотко кайрылат.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-39)
