# 35-берене. Ыйгарым укуктуу орган

- Документ: [Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 "Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230026520/edition/31541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026520/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө, 35-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-35

---

1. Камсыздандыруу ишин мамлекеттик жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө ушул Мыйзамда жана Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген ыйгарым укуктарга ылайык Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерине камсыздандыруу сырын же болбосо коммерциялык сырды түзгөн, камсыздандыруу рыногунун катышуучуларынан, анын ичинде алардын ишин текшерүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтарды ачыкка чыгарууга же болбосо үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-36)
