# 34-берене. Камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун милдеттери

- Документ: [Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 "Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230026520/edition/31541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026520/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө, 34-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-34

---

1. Камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасында туруктуу камсыздандыруу тутумун түзүү жана колдоо жана улуттук камсыздандыруу рыногунун инфратүзүмүн түзүү;

2) камсыздандыруу рыногун жөнгө салуу, камсыздандыруу ишин контролдоо жана көзөмөлдөө;

3) камсыздандыруунун негиздерин мыйзамдык жактан чыңдоо, милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрүн, Кыргыз Республикасынын эл аралык камсыздандыруу тутумунда катышуу принциптерин белгилөө;

4) камсыздандыруу рыногунун катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо.

2. Камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, анын ичинде камсыздандыруу рыногундагы иштердин абалына мамлекеттик контролду камсыз кылуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан анын ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырылат.

3. Ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-35)
