# 33-берене. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) валютасы

- Документ: [Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 "Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230026520/edition/31541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026520/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө, 33-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-33

---

1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) валютасы - камсыздандыруу, кошо камсыздандыруу, кайра камсыздандыруу келишими түзүлүүчү камсыздандыруу суммасынын жана камсыздандыруу сыйлыгынын акча бирдиги.

2. Камсыздандыруу, кошо камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу келишими боюнча төлөм тараптардын макулдашуусу боюнча улуттук да, чет өлкөлүк да валютада түзүлүшү мүмкүн.

3. Камсыздандыруу, кошо камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйлыгын төлөө жана камсыздандырып ордун толтурууну төлөө камсыздандыруу валютасында жүргүзүлөт.

4. Камсыздандыруу, кошо камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу келишиминин тараптарынын макулдашуусу боюнча чет өлкөлүк валютада төлөнүүгө тийиш болгон камсыздандыруу сыйлыгы жана/же камсыздандырып ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча улуттук валютада төлөм операциясы жүргүзүлгөн датага карата же болбосо келишимдин тараптары белгилеген башка курс боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-34)
