# 31-берене. Камсыздандыруучунун, камсыздандырылуучунун, пайда табуучунун, камсыздандырылган адамдын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 "Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230026520/edition/31541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026520/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө, 31-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-31

---

1. Камсыздандырылуучунун, пайда табуучунун, камсыздандырылган адамдын жана камсыздандыруучунун укуктары жана милдеттери Камсыздандыруу эрежелеринде, камсыздандыруу келишиминде же милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарда белгилениши мүмкүн.

2. Камсыздандыруу келишими менен камсыздандыруу учуру жана кийин камсыздандыруу учуру деп таанылышы мүмкүн болгон окуя болгондо камсыздандыруучунун, камсыздандырылуучунун, пайда табуучунун, камсыздандырылган адамдын өз ара аракеттенүү тартиби аныкталууга тийиш.

3. Келишимде жана Камсыздандыруу эрежелеринде каралган камсыздандырылуучунун милдеттери пайда табуучуга да бирдей өлчөмдө жайылтылат. Камсыздандыруучу пайда табуучу камсыздандырып ордун толтурууну төлөө жөнүндө талап койгондо, камсыздандыруучу пайда табуучудан камсыздандырылуучунун ал аткарбаган милдеттенмелерин аткарууну талап кылууга укуктуу. Камсыздандырылуучу тарабынан милдеттерин аткарбагандыгынын же өз убагында аткарбагандыгынын кесепеттеринин тобокелдигин пайда табуучу тартат.

4. Ислам камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандыруучу ислам камсыздандыруу уюмунан ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга Камсыздандыруу эрежелеринин ылайык келишин тастыктоочу Камсыздандыруунун ислам принциптери боюнча кеңешинин корутундусун суроого жана алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-32)
