# 30-берене. Камсыздандыруунун аймагы

- Документ: [Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 "Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230026520/edition/31541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026520/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө, 30-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-30

---

1. Эгерде камсыздандыруу келишиминде башкача каралбаса, камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулат.

2. Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу аймагы болуп төмөнкүлөр көрсөтүлүшү мүмкүн: мүлктү камсыздандыруу боюнча - мүлк жайгашкан конкреттүү дарек, белгилүү бир жай, жер; жүктү камсыздандыруу боюнча - чектеринде жүк ташылуучу аймактар (айыл, шаар, район, облус, өлкө); камсыздандырылган адамдарга карата - камсыздандыруу келишими колдонулган мезгилде алар турган аймак. Эгерде камсыздандыруу келишиминде башкача каралбаса, камсыздандырылган адам, мүлк, жүк башка аймакка чыгып кетсе, башка аймакка ташылса, камсыздандырылган адамга карата, ташылган мүлккө, жүккө карата камсыздандыруу келишими колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-31)
