# 2-берене. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары менен мамлекеттин өз ара мамилелери

- Документ: [Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 "Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230026520/edition/31541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026520/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө, 2-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-2

---

1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары мамлекеттин милдеттенмелери боюнча, ал эми мамлекет камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

2. Мамлекет кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн - камсыздандыруу рыногунун, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруудагы эркин атаандаштыктын шарттарын сактоону жана коргоону камсыз кылат.

3. Мамлекеттик бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына камсыздандыруу ишине байланышкан маселелерди чечүүгө мыйзамсыз кийлигишүүгө тыюу салынат.

4. Ушул Мыйзамга жана камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынуучу чечимдер (актылар), ыйгарым укуктуу органдын жазма буйруктары камсыздандыруу рыногунун бардык катышуучулары үчүн милдеттүү түрдө аткарылат.

5. Камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган жоопкерчилик келип чыгат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-3)
