# 18-берене. Актуарийлердин бирикмеси

- Документ: [Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 "Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230026520/edition/31541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026520/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө, 18-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-18

---

1. Актуарийлердин бирикмеси коммерциялык эмес уюм формасында түзүлөт, анын иши ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, актуарийлердин бирикмесинин уюштуруу документтери менен жөнгө салынат.

2. Актуарийлердин бирикмесине мүчөлүккө кабыл алуунун жана токтотуунун шарттары, тартиби актуарийлердин бирикмесинин уставы менен белгиленет.

Актуарийлердин бирикмеси өз мүчөлөрүнүн тизмегин жүргүзөт жана аны өзүнүн интернет-сайтына жайгаштырат.

3. Актуарийлердин бирикмеси төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:

1) камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жаатындагы актуардык изилдөөлөрдү, анын ичинде камсыздандыруунун түрлөрү боюнча камсыздандыруу тарифтерин актуардык баалоону жана экспертизалоону жүргүзүү;

2) аннуитеттик камсыздандыруу келишимдери боюнча өмүрүнүн акырына чейин жашоо көрсөткүчтөрүн талдоо жана жаңылоо;

3) ички документтерди иштеп чыгуу;

4) өз ишин жүзөгө ашырууда өз мүчөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;

5) мүчөлөрдүн ортосунда келип чыгуучу талаш-тартыштарды кароо;

6) өздөрүнүн мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ыйгарым укуктуу органдын чечимдерине каршы келбеген башка функцияларды жүзөгө ашыруу.

4. Актуарийлердин бирикмелеринин кызматкерлери жана мүчөлөрү өз функцияларын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө алынган камсыздандыруу сырын кызматтык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

5. Таасир этүү чараларын, аларды колдонуунун тартибин жана негиздерин, актуарийлердин бирикмесинин мүчөлөрүнүн кесиптик этика кодексин жана кесиптик практиканын стандарттарын, мүчөлүккө квалификациялык жана башка талаптарды бузгандыгы жөнүндө иштерди кароонун тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү актуарийлер бирикмесинин компетенциясына кирет.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026520/st-19)
