Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-берене. Камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүү
Күчүндө · 29.04.2025 редакциясы · 2-глава
1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму камсыздандырылуучунун макулдугу бар болгон учурда камсыздандыруунун бир же бир нече түрү боюнча камсыздандыруу портфелин камсыздандыруунун ушул түрү боюнча лицензиясы бар башка камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу.
2. Камсыздандыруунун айрым түрлөрүн лицензиялоодон чыгарып салууда камсыздандыруу уюму камсыздандырылуучунун макулдугу бар болгон учурда камсыздандыруунун ушул түрү боюнча камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүүгө милдеттүү.
Кайра камсыздандыруу боюнча лицензияны ыктыярдуу кайтарып берүүдө кайра камсыздандыруу уюму кайра камсыздандырылуучунун (цеденттин) макулдугу бар болгон учурда кайра камсыздандыруу боюнча лицензиясы бар башка кайра камсыздандыруу уюмуна камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүүгө милдеттүү. Камсыздандыруунун айрым түрлөрүн лицензиялоодон чыгарып салууда, кайра камсыздандыруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензияны ыктыярдуу кайтарып берүүдө камсыздандыруу уюму камсыздандыруунун ушул түрү (түрлөрү) боюнча келишимдерди түзүүгө жана аткарууга байланышкан иштерди жүзөгө ашырууга укуксуз.
3. Камсыздандыруу портфелин кабыл алуучу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму аны кабыл алуу учурунда сактоого милдеттүү болгон бардык ченемдерди жана лимиттерди, ошондой эле жаңы кабыл алынган камсыздандыруу портфелин эске алуу менен аткарууга тийиш.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан туруктуулуктун жана/же төлөө жөндөмдүүлүгүнүн ченемдик финансылык көрсөткүчтөрү (коэффициенттери) акыркы удаа алты айдын ичинде бузулган учурда ыйгарым укуктуу орган ушул Мыйзамга ылайык камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча камсыздандыруу портфелин мажбурлап өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
4. Камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
5. Камсыздандырылуучунун макулдугун алуу боюнча ушул берененин 1-бөлүгүнүн талабы туунду камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын ортосунда камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүүгө жайылтылбайт.
Камсыздандыруу уюму камсыздандырылуучуларга (пайда табуучуларга) кабарлоо максатында:
- камсыздандыруу портфелинин алдыда боло турган өткөрүп берилиши жөнүндө кулактандырууну камсыздандыруу уюмунун жана камсыздандыруучулардын бирикмесинин (ассоциациясынын, бирлигинин) интернет-сайтына же жалпы басма сөз маалымдоо каражаттарына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялайт;
- камсыздандыруу портфелин өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде камсыздандырылуучуга электрондук почта дареги же почта дареги аркылуу жазуу жүзүндө кабарлайт.
Берененин тексти 29.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026520/st-13" title="13-берене - Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>