# Кара-Балта шаардык кеңешинин 2025-жылдын 12-мартындагы № 14 “2025-жылга Кара-Балта шаарынын мэриясынын башкаруу түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2025-жылдын 12-мартындагы № 14 “2025-жылга Кара-Балта шаарынын мэриясынын башкаруу түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 12.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026519>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41189/edition/31538/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026519.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Балта шаардык кеңешинин 2025-жылдын 12-мартындагы № 14 “2025-жылга Кара-Балта шаарынын мэриясынын башкаруу түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө” токтому (12.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026519

---

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 12-марты № 14

“2025-жылга Кара-Балта шаарынын мэриясынын башкаруу түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө”

2025-жылга Кара-Балта шаардык мэриясынын башкаруу түзүмүн оптималдаштырууну жүргүзүү тууралуу Мекенин эмгек кубаттуулугун жигердүү пайдалануу, бюджеттик каражаттарды туура колдонуу максатында Кара-Балта шаардык кенешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Балта шаардык Кенешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы №01 токтому өз күчүн жоготту деп табылсын.

2. Кара -Балта шаарынын мэриясы 2025-жылдын 1- июнуна чейинки мөөнөттө"Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчик, спорт жана маданият Башкармалыктарын болуштуруу боюнча тиешелүү иш-чараларды көрүшсүн.

3. Кара-Балта шаарынын мэриясынын жаны Башкаруу түзүмү 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Жекшеновго жүктөлсүн.

Таркатылсын: көктөмөгө, Кара-Балта шаардык мэриясына, «Универсал», ЧБЮБ КР

Кеңештин төрагасы М.Дүйшеналиев
