# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026486)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 90 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026486/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5534/edition/31494/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026486/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (29.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026486/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: төмөнкүдөй мазмундагы 921-1-статья менен толукталсын: "921-1-статья. Исламдык камсыздандыруу

1. Исламдык камсыздандыруу келишими болуп ушул главанын 2-параграфына жана камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарга ылайык түзүлгөн камсыздандыруу келишими саналат.

2. Исламдык камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырылуучу төлөгөн камсыздандыруу сыйлыгы, ошондой эле камсыздандыруу сыйлыктарын инвестициялоонун натыйжасында алынган кирешелер исламдык камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандырылуучуларга (пайда табуучуларга) камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүү үчүн камсыздандыруучу тарабынан түзүлүүчү исламдык камсыздандыруу фондуна камсыздандыруучу тарабынан которулууга тийиш.

3. Исламдык камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу алган камсыздандыруу сыйлыктары, ошондой эле исламдык камсыздандыруу фондун түзгөн башка мүлк камсыздандыруучуга менчик укугунда таандык болбойт.

4. Камсыздандыруучу исламдык камсыздандыруу келишими боюнча, камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарда белгиленген талаптарга жана түзүлгөн исламдык камсыздандыруу келишимине ылайык, исламдык камсыздандыруу фондунун каражаттарынын эсебинен исламдык камсыздандыруу фондун башкарганы үчүн сыйлык акы алууга укуктуу.

5. Исламдык камсыздандырууну жүзөгө ашыруунун, исламдык камсыздандыруу фондун түзүүнүн, эсепке алуунун, пайдалануунун жана бөлүштүрүүнүн, ошондой эле исламдык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу камсыздандыруучулардын укуктук абалынын өзгөчөлүктөрү жана алардын ишинин шарттары ушул Кодекске жана камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарга ылайык аныкталат.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026486/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026486/st-3)
