# Ак-Башат айылдык кеңешинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 8 "Турак жай имараттары жана жайлар үчүн мүлк салыгынын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Башат айылдык кеңешинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 8 "Турак жай имараттары жана жайлар үчүн мүлк салыгынын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 14.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026480>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41157/edition/31481/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026480.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Башат айылдык кеңешинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 8 "Турак жай имараттары жана жайлар үчүн мүлк салыгынын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтому (14.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026480

---

АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 14-февралындагы № 8

Турак жай имараттары жана жайлар үчүн мүлк салыгынын ставкасын белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34; 39-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесинин 14-пунктуна,” Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин” 379; 380-беренелерине киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолордү аткаруу максатында, Ак-Башат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында, 2025-жылдын 31-январында № 02-12/197 Ак-Башат айыл өкмөтүнүн катынын негизинде, Ак-Башат айылдык кеңештин кезексиз сессиясы токтом кылат :

1. Ак-Башат айыл аймагында 2025-2027-жылдарга, турак жай имараттар жана жайларга салыктын ставкасы 1 чарчы метрине 10 сомдон белгиленсин.

2. Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтү бул токтомду жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3. Ак-Башат айылдык кеңешшинин жооптуу катчысы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө милдети Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы

И.С.Рыскулов
