Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ак-Башат айылдык кеңешинин «Жер участокторун бир категориядан башка категорияга которуу(трансформациялоо) жөнүндө» токтому
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-январындагы № 6
Жер участокторун бир категориядан башка категорияга которуу(трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665-токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого” ылайык, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде жана Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 23-январындага № 01-10/38 катын талкуулап чыгып, Ак-Башат айыл аймагында инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү максатында, Ак-Башат айылдык кеңеш токтом кылат :
1. Ак-Башат айыл аймагына караштуу №210 контурдан, аянты -0,09 га,
№ 350-контурдан, аянты -0,09 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы”, “Жайыт жер тилкелери” жер категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоону жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б.Азаматовго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы
И.С.Рыскулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 04.11.2024 · № 665
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон