# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-апрели № 82 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-апрели № 82 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026445>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5533/edition/31411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026445.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-апрели № 82 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык Мыйзамы (28.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026445

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 28-апрели № 82

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026445/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 971-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 48-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Президентти кезектеги шайлоо иштеп жаткан Президенттин шайланган ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат.";

2) 50-берененин 3-бөлүгүндө "35 жаштан төмөн эмес" деген сөздөр "добуш берүү күнүнө карата 35 жашка чыккан," деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026445/st-2)

1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:

1) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин;

2) ушул конституциялык Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2025-жылдын 16-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
