# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026443)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 24-апрели № 81 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026443/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5532/edition/31402/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026443/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026443/st-2

---

"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 72-беренеде:

а) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. Курагы, кызмат өтөгөн жылдары, ден соолугунун абалы, штаттардын кыскарышы боюнча пенсияга чыгуу укугу менен кызматтан бошотулган жана 20 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн кызматкерге, ал каза болгон учурда анын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу курман болгон же каза болгон кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик же ведомстволук турак жай фондунун үйлөрүнөн ээлеп турган же ага берилген турак жай менчикке акысыз өткөрүп берилет.";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-бөлүк менен толукталсын:

"7-1. 20 жана андан ашык жыл кызмат өтөгөн кызматкер, ал эми ал каза болгон учурда анын үй-бүлө мүчөлөрү ага берилген кызматтык батирди тикелей сатуу жолу менен менчиктештирип алууга укуктуу.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026443/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026443/st-3)
