2-берене
Күчүндө · 24.04.2025 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 72-беренеде:
а) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Курагы, кызмат өтөгөн жылдары, ден соолугунун абалы, штаттардын кыскарышы боюнча пенсияга чыгуу укугу менен кызматтан бошотулган жана 20 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн кызматкерге, ал каза болгон учурда анын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу курман болгон же каза болгон кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик же ведомстволук турак жай фондунун үйлөрүнөн ээлеп турган же ага берилген турак жай менчикке акысыз өткөрүп берилет.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-бөлүк менен толукталсын:
"7-1. 20 жана андан ашык жыл кызмат өтөгөн кызматкер, ал эми ал каза болгон учурда анын үй-бүлө мүчөлөрү ага берилген кызматтык батирди тикелей сатуу жолу менен менчиктештирип алууга укуктуу.".
Берененин тексти 24.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөЗакон · 25.07.2019 · № 102
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026443/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>