# 8-берене. Тергөө изоляторлору

- Документ: [Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-апрели № 85 "Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" "Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5530/edition/31361/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026423/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө", 8-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-8

---

1. Жаза аткаруу системасынын тергөө изоляторлору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө изоляторлору бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу колдонулган кылмыш жасоого айыпталуучуларды кармоо үчүн арналган. Тергөө изоляторлору юридикалык жактын укуктарына ээ болушу мүмкүн.

2. Жаза аткаруу системасынын тергөө изоляторлору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлөт жана жоюлат, алар жаза аткаруу системасынын аймактык органдарынын системасына кирген мекемелер болуп эсептелет.

3. Тергөө изоляторлорун каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, ал эми мунапыс берүү учурундагы айыпталуучулардын саны азайганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары өзгөргөндө же башка учурларда - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө изоляторлору Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын сметасы боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат. Аларды түзүү жана жоюу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-9)
