# 7-берене. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоочу жайлар

- Документ: [Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-апрели № 85 "Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" "Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5530/edition/31361/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026423/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө", 7-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-7

---

Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоочу жайлар болуп төмөнкүлөр саналат:

1) жаза аткаруу системасынын тергөө изоляторлору;

2) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө изоляторлору;

3) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын шектүүлөрдү убактылуу кармоочу изоляторлору;

4) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын шектүүлөрдү убактылуу кармоочу изоляторлору;

5) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталары (гарнизондук гауптвахталар);

Эскертүү. Кылмыштарды жасоого шектелип жана айыпталып Кыргыз Республикасынын прокуратура, бажы органдары тарабынан кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган адамдар Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу изоляторлорунда (УКИ) жана жаза аткаруу системасынын тергөө изоляторлорунда (ТИЗО) камакта кармалат. Аларда ошондой эле кылмыштарды жасоого шектелген жана айыпталган жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдар, аларда убактылуу кармоочу изоляторлор жана тергөө изоляторлору жок болгон учурда камакта кармалышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-8)
