# 6-берене. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын укуктук статусу

- Документ: [Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-апрели № 85 "Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" "Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5530/edition/31361/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026423/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө", 6-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-6

---

1. Шектүүлөр, айыпталуучулар жана соттолгондор (күчүнө кире элек өкүмдөр боюнча) алардын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен белгиленмейинче (мындан ары - шектүүлөр жана айыпталуучулар) күнөөсүз деп эсептелет. Алар Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген укуктар менен эркиндиктерди пайдаланат жана милдеттерди аркалайт, мында ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган чектөөлөр колдонулат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында камакта кармалган шектелген жана айыпталган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жол берилген чектөөлөрдү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген милдеттерди аркалайт жана укуктар менен эркиндиктерди пайдаланат.

3. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды жынысы, расасы, улуту, тили, теги боюнча, мүлктүк жана кызмат абалы, жашаган жери, динге карата мамилеси, ынанымдары, коомдук бирикмелерге таандыктыгы жана башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол берилбейт.

4. Шектүүлөр жана айыпталуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекер юридикалык жардам алууга укуктуу. Администрация камакта кармоо жайларында адвокаттардын же башка мыйзамдуу өкүлдөрдүн шектүүлөр жана айыпталуучулар менен жолугушуусун камсыз кылууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-7)
