Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-берене. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын укуктук статусу
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 1-глава
1. Шектүүлөр, айыпталуучулар жана соттолгондор (күчүнө кире элек өкүмдөр боюнча) алардын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен белгиленмейинче (мындан ары - шектүүлөр жана айыпталуучулар) күнөөсүз деп эсептелет. Алар Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген укуктар менен эркиндиктерди пайдаланат жана милдеттерди аркалайт, мында ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган чектөөлөр колдонулат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында камакта кармалган шектелген жана айыпталган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жол берилген чектөөлөрдү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген милдеттерди аркалайт жана укуктар менен эркиндиктерди пайдаланат.
3. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды жынысы, расасы, улуту, тили, теги боюнча, мүлктүк жана кызмат абалы, жашаган жери, динге карата мамилеси, ынанымдары, коомдук бирикмелерге таандыктыгы жана башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол берилбейт.
4. Шектүүлөр жана айыпталуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекер юридикалык жардам алууга укуктуу. Администрация камакта кармоо жайларында адвокаттардын же башка мыйзамдуу өкүлдөрдүн шектүүлөр жана айыпталуучулар менен жолугушуусун камсыз кылууга милдеттүү.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026423/st-6" title="6-берене - Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>