# 44-берене. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камактан бошотуу тартиби

- Документ: [Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-апрели № 85 "Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" "Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5530/edition/31361/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026423/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө", 44-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-44

---

1. Шектүүлөр жана айыпталуучулар соттун токтому (аныктамасы) же болбосо прокурордун же тергөөчүнүн токтому алынган учурда камакта кармоочу жайдын башчысы же анын орун басары тарабынан камактан бошотулат.

2. Камакта кармоочу жайдын башчысы (орун басары) камакта кармалып жаткан шектүүнүн же айыпталуучунун мөөнөтү бүткөнгө чейин 24 сааттан кечиктирбей бул тууралуу камакта кармоочу жайларга көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго жана өндүрүшүндө кылмыш иши турган тергөөчүгө кабарлоого милдеттүү.

3. Камактан бошотулган шектүүгө же айыпталуучуга жеке өзүнүн документтери, буюмдары, анын жеке эсебинде сакталып турган акчалары жана башка баалуу буюмдары, ошондой эле ким тарабынан кармалгандыгы, кармоонун негизи, жери жана убактысы, бошотуунун негизи жана убактысы көрсөтүлгөн маалымкат берилет. Зарыл болгон учурда камакта кармоочу жайдын администрациясы аны жашаган жерине чейин темир жол, автомобиль, суу же аба транспорту менен бекер жетип алуусун, тамак-аш, мезгилге жараша кийим, ошондой эле акчалай жөлөкпул менен камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-45)
