Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
44-берене. Шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камактан бошотуу тартиби
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 4-глава
1. Шектүүлөр жана айыпталуучулар соттун токтому (аныктамасы) же болбосо прокурордун же тергөөчүнүн токтому алынган учурда камакта кармоочу жайдын башчысы же анын орун басары тарабынан камактан бошотулат.
2. Камакта кармоочу жайдын башчысы (орун басары) камакта кармалып жаткан шектүүнүн же айыпталуучунун мөөнөтү бүткөнгө чейин 24 сааттан кечиктирбей бул тууралуу камакта кармоочу жайларга көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго жана өндүрүшүндө кылмыш иши турган тергөөчүгө кабарлоого милдеттүү.
3. Камактан бошотулган шектүүгө же айыпталуучуга жеке өзүнүн документтери, буюмдары, анын жеке эсебинде сакталып турган акчалары жана башка баалуу буюмдары, ошондой эле ким тарабынан кармалгандыгы, кармоонун негизи, жери жана убактысы, бошотуунун негизи жана убактысы көрсөтүлгөн маалымкат берилет. Зарыл болгон учурда камакта кармоочу жайдын администрациясы аны жашаган жерине чейин темир жол, автомобиль, суу же аба транспорту менен бекер жетип алуусун, тамак-аш, мезгилге жараша кийим, ошондой эле акчалай жөлөкпул менен камсыз кылат.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026423/st-44" title="44-берене - Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>