# 42-берене. Камакта кармоочу жайлардагы өзгөчө шарттар режими

- Документ: [Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-апрели № 85 "Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" "Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5530/edition/31361/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026423/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө", 42-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-42

---

1. Табигый кырсыктар, эпидемиялар, эпизоотийлер болгондо, чоң аймактарды өрт каптаганда, жашоо тиричилигин камсыз кылуу системаларында ири авариялар, массалык баш аламандыктар же шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын массалык баш ийбөөсү болгон учурларда же болбосо камакта кармоочу жайларда куралдуу кол салуунун реалдуу коркунучу бар болсо, ички иштер органдарынын, жаза аткаруу системасынын, улуттук коопсуздук, коргонуу органдарынын жетекчилеринин буйругу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору менен макулдашуу аркылуу алардын компетенциясынын чегинде камакта кармоочу жайларда 20 суткадан ашпаган мөөнөткө өзгөчө шарттар режими киргизилет.

2. Өзгөчө шарттар режимин киргизүүдө шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын катышуусу менен өткөрүлүүчү бардык иш-чаралар чектелиши же токтотулуп турушу мүмкүн; аларды кайтаруу, өткөрүү режими жана камакта жаткан шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды контролдоо күчөйт, жөнөтмөлөрдү жана кийирүүлөрдү кабыл алуу токтотулат, ошондой эле мекеменин нормалдуу ишин турукташтыруу үчүн башка чаралар көрүлөт.

3. Шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын жана башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч туулган учурда камакта кармоочу жайдын башчысы, ал болбогон учурда - анын орун басары ведомстволук баш ийүүсү боюнча органдын жетекчисине дароо кабарлоо менен ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган чараларды өз алдынча колдоно алат.

4. Камакта кармоочу жайлардагы өзгөчө шарттар режими аны киргизген орган же кызмат адамы же болбосо жогору турган орган же кызмат адамы тарабынан токтотулат.

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-43)
