# 41-берене. Тамак ичүүдөн баш тарткан учурда колдонулуучу чаралар

- Документ: [Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-апрели № 85 "Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" "Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5530/edition/31361/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026423/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө", 41-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-41

---

1. Шектүү же айыпталуучу тамак ичүүдөн баш тарткан учурда камакта кармоочу жайдын башчысы же анын орун басары тамак ичүүдөн баш тартуунун себептерин билүүгө, бул тууралуу кылмыш иши өндүрүшүндө турган адамга же органга, ошондой эле камакта кармоочу жайларда мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзгөн прокурорго кабарлоого милдеттүү.

2. Шектүүнүн же айыпталуучунун тамак ичүүдөн баш тартуусунун себептери негиздүү болгон учурда камакта кармоочу жайдын администрациясы коюлган талаптарды канааттандыруу чараларын көрөт. Коюлган талаптарды дароо аткарууга мүмкүнчүлүк жок болгон учурда шектүүгө же айыпталуучуга тиешелүү түшүндүрмөлөр берилет жана аларды канааттандыруу чаралары көрүлөт.

3. Тамак ичүүдөн баш тарткан шектүү же айыпталуучу башка шектүүлөрдөн жана айыпталуучулардан мүмкүн болушунча бөлөк кармалат жана медицина кызматкеринин байкоосунда болот.

4. Тамак ичүүдөн баш тарткан шектүүнүн же айыпталуучунун ден соолугун сактоого багытталган чаралар, анын ичинде мажбурлоо мүнөзүндөгү чаралар, эгерде анын өмүрүнө коркунуч туулса, врачтын жазуу жүзүндөгү корутундусунун негизинде жана анын катышуусу менен жүзөгө ашырылат.

5. Шектүүнүн же айыпталуучунун тамак ичүүдөн баш тартуусу башка камакта кармоочу жайларга, зарыл болгон учурларда - медицина кызматкеринин коштоосунда аны этап менен же конвой менен алып кетүүсүнө жолтоо болбойт.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-42)
