# 40-берене. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын материалдык жоопкерчилиги

- Документ: [Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-апрели № 85 "Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" "Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5530/edition/31361/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026423/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө", 40-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-40

---

1. Шектүүлөр жана айыпталуучулар камакта кармалган мезгилинде мамлекетке келтирген материалдык залал үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүдөй жоопкерчилик тартат:

1) эмгектенүүнүн жүрүшүндө келтирген залал үчүн - Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган өлчөмдөрдө;

2) башка аракеттер менен келтирген залал үчүн - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган өлчөмдөрдө.

2. Шектүүлөрдүн же айыпталуучулардын мамлекетке келтирген материалдык залалынын өлчөмү текшерүүнүн материалдарынын негизинде камакта кармоочу жайдын башчысынын же анын орун басарынын токтому менен аныкталат. Шектүүгө же айыпталуучуга токтом тил кат алуу менен жарыяланат жана жогору турган кызмат адамына, прокурорго же сотко даттанылышы мүмкүн.

3. Ыктыярдуу төлөп берүүдөн баш тарткан учурда материалдык залал сот тартибинде өндүрүлүп алынат.

4. Келтирилген материалдык залал үчүн туура эмес өндүрүлүп алынган сумма кайтарылып берүүгө тийиш жана шектүүнүн же айыпталуучунун жеке эсебине жазылат.

5. Шектүүнүн же айыпталуучунун өтүнүчү боюнча ал тарабынан келтирилген материалдык залал анын туугандары же алардын макулдугу боюнча башка адамдар тарабынан төлөнүп берилиши мүмкүн.

6. Соттолгон адам жазаны аткаруучу мекемеге жөнөтүлгөн учурда, өндүрүлбөй калган материалдык залал көрсөтүлгөн мекеменин администрациясы тарабынан соттолгон адамдын жеке эсебине келип түшүүчү каражаттардан өндүрүлөт.

7. Шектүү, айыпталуучу камактан бошотулган учурда өндүрүлбөй калган материалдык залал Кыргыз Республикасынын жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде соттун чечими боюнча өндүрүлөт.

8. Камакта кармоочу жайдын администрациясынын жана кызматкерлеринин күнөөсү боюнча шектүүгө же айыпталуучуга келтирилген материалдык залал Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында аныкталган тартипте өндүрүп берилет.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-41)
