40-берене. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын материалдык жоопкерчилиги
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 3-глава
1. Шектүүлөр жана айыпталуучулар камакта кармалган мезгилинде мамлекетке келтирген материалдык залал үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүдөй жоопкерчилик тартат:
1) эмгектенүүнүн жүрүшүндө келтирген залал үчүн - Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган өлчөмдөрдө;
2) башка аракеттер менен келтирген залал үчүн - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган өлчөмдөрдө.
2. Шектүүлөрдүн же айыпталуучулардын мамлекетке келтирген материалдык залалынын өлчөмү текшерүүнүн материалдарынын негизинде камакта кармоочу жайдын башчысынын же анын орун басарынын токтому менен аныкталат. Шектүүгө же айыпталуучуга токтом тил кат алуу менен жарыяланат жана жогору турган кызмат адамына, прокурорго же сотко даттанылышы мүмкүн.
3. Ыктыярдуу төлөп берүүдөн баш тарткан учурда материалдык залал сот тартибинде өндүрүлүп алынат.
4. Келтирилген материалдык залал үчүн туура эмес өндүрүлүп алынган сумма кайтарылып берүүгө тийиш жана шектүүнүн же айыпталуучунун жеке эсебине жазылат.
5. Шектүүнүн же айыпталуучунун өтүнүчү боюнча ал тарабынан келтирилген материалдык залал анын туугандары же алардын макулдугу боюнча башка адамдар тарабынан төлөнүп берилиши мүмкүн.
6. Соттолгон адам жазаны аткаруучу мекемеге жөнөтүлгөн учурда, өндүрүлбөй калган материалдык залал көрсөтүлгөн мекеменин администрациясы тарабынан соттолгон адамдын жеке эсебине келип түшүүчү каражаттардан өндүрүлөт.
7. Шектүү, айыпталуучу камактан бошотулган учурда өндүрүлбөй калган материалдык залал Кыргыз Республикасынын жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде соттун чечими боюнча өндүрүлөт.
8. Камакта кармоочу жайдын администрациясынын жана кызматкерлеринин күнөөсү боюнча шектүүгө же айыпталуучуга келтирилген материалдык залал Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында аныкталган тартипте өндүрүп берилет.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
40-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026423/st-40" title="40-берене - Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>