# 39-берене. Бир адамдык камерада же айып изоляторунда кармоо

- Документ: [Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-апрели № 85 "Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" "Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5530/edition/31361/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026423/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө", 39-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-39

---

1. Айыпталуучулар бир адамдык камерага же айып изоляторуна төмөнкүлөр үчүн киргизилиши мүмкүн:

1) башка айыпталуучуларды мазактаган жана кысым көрсөткөн аракеттери;

2) камакта кармоочу жайдын кызматкерлеринин же башка адамдардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбегендиги же болбосо аларды мазактагандыгы;

3) обочолонтуу эрежелерин бир нече жолу бузгандыгы;

4) алкоголь ичимдиктерин даярдаганы, сактаганы жана ичкендиги;

5) белгиленген эрежелерге ылайык тыюу салынган предметтерди, заттарды даярдаганы, сактаганы жана колдонгону;

6) кумар оюндарына катышкандыгы;

7) майда бейбаштык.

2. Айып изоляторуна же бир адамдык камерага камоо түрүндөгү жаза ошондой эле ушул Мыйзамдын 38-беренесинде каралган эки жана андан көп тартиптик жаза колдонулган айыпталуучуларга карата да колдонулат.

3. Айып изоляторуна камоо камакта кармоочу жайдын башчысынын же ал ооруган, өргүүдө, узакка созулган иш сапарда болгон мезгилде анын милдетин аткарган адамдын жүйөлүү токтомунун жана айыпталуучуну айып изоляторунда кармоо үчүн медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн жоктугу жөнүндө медицина кызматкеринин корутундусунун негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Айыпталуучуларды айып изоляторунда жалгыз кармоо зарыл. Айып изоляторунда камалган айыпталуучулар белгиленген саатта уктоо убактысында гана жата турган жеке орун жана жууркан-төшөк менен камсыз болот.

5. Айып изоляторунда кармалган мезгилде айыпталуучуларга кат алышууга, жактоочу менен болгон жолугушуулардан тышкаркы жолугушууга, ошондой эле биринчи кезекте керектелүүчү предметтерди кошпогондо, тамак-аш азыктарын алууга, аманат жиберүүлөрдү жана берип жиберүүлөрдү алууга, стол үстүндө ойнолуучу оюндарды, китептерди, газеталарды, журналдарды жана башка адабияттарды, телефон байланышын колдонууга, видео жана телеберүүлөрдү көрүүгө тыюу салынат. Аманат жиберүүлөр жана берип жиберүүлөр айыпталуучуларга алардын айып изоляторунда же бир адамдык камерада болуу мөөнөтү бүткөндөн кийин тапшырылат. Тез бузулуучу тамак-аш азыктары аларды талаптагыдай сактоо үчүн шарттар болбогон учурда ээсине кайтарып берилет.

6. Айып изоляторунда же бир адамдык камерада кармалган айыпталуучулар күн сайын узактыгы 30 мүнөт болгон сейилдөөгө чыгарылат.

7. Бир адамдык камерада же айып изоляторунда кармалган айыпталуучуларга карата ушул беренеде каралбаган чектөөлөргө жол берилбейт. Алар тарабынан жиберилген сунуштар, арыздар жана даттануулар ушул Мыйзамдын 22-беренесинде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

8. Камакта кармоочу жайдын башчысы, ал эми ал ооруп калгандыгына, өргүүдө же узакка созулган иш сапарда болгондугуна байланыштуу ордунда болбогон учурда - орун басары медициналык көрсөтмөлөрдү эске алуу менен бир адамдык камерада же айып изоляторунда кармоо түрүндөгү жазанын аткарылышын 10 күнгө кечиктирүүгө, камоонун мөөнөтүн кыскартууга же болбосо айыпталуучуну мөөнөтүнөн мурда бошотууга укуктуу. Эгерде айыпталуучу мөөнөттү узартуу мезгилинде жаңыдан тартип бузбаган болсо, ал камакта кармоочу жайдын башчысынын же анын орун басарынын жүйөлүү токтому менен жазадан бошотулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-40)
