# 38-берене. Жаза чаралары жана аларды колдонуу тартиби

- Документ: [Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-апрели № 85 "Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" "Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5530/edition/31361/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026423/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө", 38-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-38

---

1. Белгиленген милдеттерди аткарбагандыгы үчүн айыпталуучуларга карата төмөнкүдөй жаза чаралары колдонулушу мүмкүн:

1) сөгүш;

2) 15 суткага чейинки мөөнөткө, ал эми айыпталуучу балдарды 5 суткага чейинки мөөнөткө гауптвахтадагы айып изоляторуна же бир адамдык камерага кийирүү.

2. Камакта кармоонун белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн берилүүчү жазанын бардык түрлөрү, ушул Мыйзамдын 39-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, камакта кармоочу жайдын башчысынын же анын орун басарынын токтому менен берилет.

3. Бир тартип бузганы үчүн айыпталуучуга бир гана жаза берилет.

4. Жаза айыпталуучунун тартип бузуу жагдайын жана жүрүм-турумун эске алуу менен берилет. Жаза тартип бузуу билинген күндөн тартып 7 суткадан кечиктирбестен берилиши мүмкүн, ал эми эгерде тартип бузууга байланыштуу текшерүү жүргүзүлгөн болсо - ал аяктаган күндөн тартып, бирок тартип бузулган күндөн тартып бир айдан кечиктирилбөөгө тийиш. Жазалоо жаза берилген күндөн тартып бир күндүк мөөнөткө колдонулат.

5. Жаза берилгенге чейин айыпталуучудан жазуу жүзүндө түшүндүрмө алынат, ал эми түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан учурда, баш тартуунун жүйөлөрүн көрсөтүү менен бул тууралуу акт түзүлөт.

6. Айыпталуучулар жазага карата жогору турган кызмат адамына, прокурорго же сотко даттануу менен кайрылууга укуктуу. Даттануу жазанын аткарылышын токтото албайт.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-39)
