Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
38-берене. Жаза чаралары жана аларды колдонуу тартиби
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 3-глава
1. Белгиленген милдеттерди аткарбагандыгы үчүн айыпталуучуларга карата төмөнкүдөй жаза чаралары колдонулушу мүмкүн:
1) сөгүш;
2) 15 суткага чейинки мөөнөткө, ал эми айыпталуучу балдарды 5 суткага чейинки мөөнөткө гауптвахтадагы айып изоляторуна же бир адамдык камерага кийирүү.
2. Камакта кармоонун белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн берилүүчү жазанын бардык түрлөрү, ушул Мыйзамдын 39-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, камакта кармоочу жайдын башчысынын же анын орун басарынын токтому менен берилет.
3. Бир тартип бузганы үчүн айыпталуучуга бир гана жаза берилет.
4. Жаза айыпталуучунун тартип бузуу жагдайын жана жүрүм-турумун эске алуу менен берилет. Жаза тартип бузуу билинген күндөн тартып 7 суткадан кечиктирбестен берилиши мүмкүн, ал эми эгерде тартип бузууга байланыштуу текшерүү жүргүзүлгөн болсо - ал аяктаган күндөн тартып, бирок тартип бузулган күндөн тартып бир айдан кечиктирилбөөгө тийиш. Жазалоо жаза берилген күндөн тартып бир күндүк мөөнөткө колдонулат.
5. Жаза берилгенге чейин айыпталуучудан жазуу жүзүндө түшүндүрмө алынат, ал эми түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан учурда, баш тартуунун жүйөлөрүн көрсөтүү менен бул тууралуу акт түзүлөт.
6. Айыпталуучулар жазага карата жогору турган кызмат адамына, прокурорго же сотко даттануу менен кайрылууга укуктуу. Даттануу жазанын аткарылышын токтото албайт.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026423/st-38" title="38-берене - Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>