# 37-берене. Сыйлоо чаралары, аларды колдонуу тартиби

- Документ: [Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-апрели № 85 "Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" "Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5530/edition/31361/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026423/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө", 37-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-37

---

1. Камакта кармоочу жайдын башчысынын же анын орун басарынын токтому менен эмгек милдеттерине ак ниет мамиле кылгандыгы, белгиленген тартипти үлгүлүү сактагандыгы үчүн айыпталуучуларга төмөнкүдөй сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:

1) мурда берилген жазаны мөөнөтүнөн мурда алып салуу;

2) иштеги мыкты көрсөткүчтөрү үчүн акчалай сыйлык;

3) балдарга фильмдерди кошумча көрсөтүү, аларга спорттук машыгуулар үчүн аянтчаларга, жайларга кошумча барууга, ошондой эле камакта кармоочу жайларда эс алууну өткөрүүнүн башка формаларына уруксат берүү.

2. Эмгектеги мыкты көрсөткүчтөрү үчүн сыйлык берүү айыпталуучулардын эмгегинен алынуучу кирешелердин эсебинен жүзөгө ашырылат.

3. Акчалай сыйлык айыпталуучунун жеке эсебине жазылат.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-38)
