# 36-берене. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын негизги милдеттери

- Документ: [Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-апрели № 85 "Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" "Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5530/edition/31361/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026423/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө", 36-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-36

---

1. Шектүүлөр жана айыпталуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ушул Мыйзамда, Ички тартип эрежелеринде белгиленген камакта кармоо тартибин жана алардан келип чыккан камакта кармоочу жайдын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын сактоого;

2) гигиена жана санитария талаптарын сактоого;

3) өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого;

4) камакта кармоочу жайдын мүлкүнө жана башка шектүүлөр менен айыпталуучулардын мүлкүнө этияттык менен мамиле кылууга;

5) кезектүүлүк тартибинде камераларды жана башка бөлмөлөрдү тазалоого;

6) өз өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган аракеттерди билип туруп жасабоого.

2. Камакта кармоочу жайларда кызматкерлердин, шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын, башка адамдардын кадыр-баркына шек келтирген аракеттерге, ошондой эле камакта кармоо тартибин камсыз кылган кызматкерлердин, башка адамдардын өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна жолтоо болууга жол берилбейт.

3. Шектүүлөргө жана айыпталуучуларга ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган предметтерди, заттарды жана тамак-аш азыктарын жанында алып жүрүүгө, ошондой эле сактоого жана аларды колдонууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-37)
