# 31-берене. Балдарды камакта кармоо

- Документ: [Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-апрели № 85 "Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" "Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5530/edition/31361/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026423/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө", 31-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-31

---

1. Камакта кармоочу жайлардагы ар башка жыныстагы шектүү жана айыпталуучу балдар бири-биринен жана улуулардан бөлөк кармалат. Аларга жакшыртылган материалдык-тиричилик шарттары түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу жогорулатылган тамак-аш ченемдери белгиленет.

2. Шектүү жана айыпталуучу балдарга күн сайын 2 сааттан кем эмес сейилдөө белгиленет. Сейилдөө учурунда шектүүлөргө дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаганга, ал эми айыпталуучуларга дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаганга жана мүмкүн болушунча спорттук оюндарды ойногонго мүмкүнчүлүк берилет.

3. Айыпталуучу балдарга жалпы орто билим алууну улантуу жана билим алуу үчүн милдеттү түрдө шарттар түзүлөт. Билим берүү процессинин жыйынтыгында балдар мамлекеттик үлгүдөгү жалпы орто билим тууралуу документ (аттестат) алат. Тийиштүү шарттар болгон учурда телеберүүлөрдү көрсөтүү уюштурулат, спорттук оюндар үчүн жайлар, ошондой эле балдарга ачык спорттук аянтчалар жабдылат, маданий-тарбиялык иштер жүргүзүлөт.

4. Айыпталуучу балдарга окуу китептерин жана мектепте жазганга керектелүүчү буюмдарды алууга же аларды өз каражаттарынын эсебинен сатып алууга, ошондой эле берип жиберүүлөрдө жана аманат жиберүүлөрдө аларды чектөөсүз санда алууга уруксат берилет.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-32)
