# 28-берене. Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын тергөө аракеттерине жана сот жыйындарына катышуусун камсыз кылуу

- Документ: [Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-апрели № 85 "Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" "Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5530/edition/31361/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026423/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө", 28-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-28

---

Камакта кармоочу жайлардын администрациясы тергөөчүнүн, прокурордун же соттун (судьянын) жазуу жүзүндөгү талабы боюнча төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:

1) шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоочу жайларга кабыл алуу жана аларды дайындалган жерге жеткирүү үчүн конвойго өткөрүп берүү;

2) камакта кармоочу жайлардын аймагында тергөө аракеттерин, амбулатордук соттук-психиатриялык жана башка экспертизаларды жүргүзүү үчүн жабдылган бөлмөлөрдү берүү;

3) шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган негиздерде тергөө аракеттерине жана сот жыйындарына катышуудан бошотуу.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-29)
