# 27-берене. Айыпталуучуларды эмгекке тартуу

- Документ: [Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-апрели № 85 "Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" "Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5530/edition/31361/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026423/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө", 27-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-27

---

1. Айыпталуучуларды эмгекке тартуу максатында тергөө изоляторлору колдонуудагы мыйзамдарда каралган тартипте өзүнүн өндүрүштүк ишин жүзөгө ашырышы мүмкүн.

2. Айыпталуучулар тергөө изоляторлорунун жана түрмөлөрдүн аймактарында гана өздөрүнүн каалоосу боюнча эмгекке тартылышат жана өз эмгеги үчүн тийиштүү сый акы алууга укуктуу болушат, ал эч кандай кармап калууларсыз алардын жеке эсебине которулат.

3. Айыпталуучулардын тергөө изоляторлорундагы жана ТИЗО режиминде иштеген түрмөлөрдөгү өндүрүштүк ишинен түшкөн кирешелер айыпталуучуларды камакта кармоонун шарттарын жакшыртуу, ошондой эле тергөө изоляторлорунун социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн пайдаланылат.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-28)
