# 24-берене. Материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуу

- Документ: [Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-апрели № 85 "Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" "Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5530/edition/31361/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026423/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө", 24-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-24

---

1. Шектүүлөргө жана айыпталуучуларга Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген гигиеналык, санитардык жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген тиричилик шарттары түзүлөт.

2. Шектүүлөргө жана айыпталуучуларга өзүнчө уктай турган орун берилет.

3. Шектүүлөргө жана айыпталуучуларга жууркан-төшөк, идиш-аяк жана тамак-аш ичип-жей турган буюмдар берилет.

4. Бардык камералар радио уктуруу каражаттары менен, ал эми мүмкүнчүлүккө жараша - телевизорлор, муздаткычтар жана желдетүүчү жабдуулар менен камсыз кылынат. Камераларга камакта кармоочу жайдын китепканасынан, же болбосо көрсөтүлгөн жайлардын администрациясы аркылуу соода тармагында сатып алынган адабияттар, ошондой эле стол оюндары берилет.

5. Камерадагы бир адамга туура келген санитардык аянттын ченеми 3,25 чарчы метр өлчөмүндө белгиленет.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-25)
