# 21-берене. Кат алышуу

- Документ: [Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-апрели № 85 "Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" "Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5530/edition/31361/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026423/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө", 21-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-21

---

1. Шектүүлөргө жана айыпталуучуларга туугандары жана башка адамдар менен алынган жана жөнөтүлгөн телеграммаларына жана каттарына (анын ичинде электрондук каттарына) чек коюлбастан кат алышууга уруксат берилет.

2. Кат алышуу камакта кармоочу жайдын администрациясы аркылуу гана жүзөгө ашырылат жана ал администрация, ал эми зарыл болгон учурда кылмыш иши өндүрүшүндө турган адам же орган тарабынан цензурага алынат.

3. Шектүүнүн же айыпталуучунун атына келип түшкөн каттарды тапшыруу, ошондой эле алардын каттарын дарек ээсине жөнөтүү камакта кармоочу жайдын администрациясы тарабынан каттар келип түшкөн же шектүү же айыпталуучу тапшырган күндөн тартып, дем алыш жана майрам күндөрүнөн башка учурда 3 күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт. Цензураны жүзөгө ашыруу үчүн катты расмий тилден мамлекеттик тилге же мамлекеттик тилден расмий тилге которуу зарыл болгондо, катты берүү мөөнөтү которуу үчүн зарыл болгон, бирок 2 күндөн ашпаган убакытка узартылышы мүмкүн. Катты чет тилден мамлекеттик же расмий тилге, же болбосо мамлекеттик же расмий тилден чет тилге которуу зарыл болгон учурда, катты берүү мөөнөтү которуу үчүн зарыл болгон, бирок 10 күндөн ашпаган убакытка узартылышы мүмкүн.

4. Жакын туугандарынын өлүмү же катуу оорусу жөнүндө кабарлар шектүүгө же айыпталуучуга алар алынгандан кийин дароо (бир сааттан кечиктирбестен) кабарланат.

5. Камакта кармоочу жайдан чыгып кеткенден же бошотулгандан кийин шектүүнүн же айыпталуучунун атына келип түшкөн каттар алынгандан кийин 3 күндөн кечиктирбестен камакта кармоочу жайдын каражатынын эсебинен дарек ээсине жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-22)
