# 20-берене. Жеке коопсуздукка берилген укук

- Документ: [Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-апрели № 85 "Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" "Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5530/edition/31361/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026423/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө", 20-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-20

---

1. Шектүүнүн же айыпталуучунун өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулганда, же болбосо аларга каршы башка шектүүлөр же айыпталуучулар тарабынан кылмыш жасоо коркунучу туулганда камакта кармоочу жайдын кызматкерлери шектүүнүн же айыпталуучунун жеке коопсуздугун камсыз кылуу боюнча токтоосуз чара көрүүгө милдеттүү.

2. Шектүүнүн же айыпталуучунун жеке коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, эгерде ал башка адамдардан коркунучка дуушар болсо, администрация аны өзүнчө бөлмөгө которуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга жана коркунучтун шарттарын токтоосуз иликтөө чараларын көрүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-21)
