# 18-берене. Жактоочу, туугандары жана башка адамдар менен жолугушуу

- Документ: [Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-апрели № 85 "Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" "Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5530/edition/31361/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026423/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө", 18-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-18

---

1. Алгачкы суракка алынган же иш жүзүндө кармалган учурдан тартып кылмыштарды жасоого шектелген жана айыпталган адамдарга жактоочу менен саны жана узактыгы чектелбеген жеке жолугушуулар берилет.

2. Камакта кармоочу жайлардын кызматкерлери кылмыш ишинде камакта кармалган шектүүнүн, айыпталуучунун тарабында адвокаттын кылмыш ишине катышуусун ырастаган документтин (ордер-тапшырманын), ошондой эле анын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин негизинде шектүүлөргө, айыпталуучуларга алардын жактоочулары менен, алардын саны жана убакыттын узактыгы чектелбеген, кызматкер аларды көрө алган, бирок уга албаган шартта жекеме-жеке жолугушууларды беришет.

3. Кылмыш иши өндүрүшүндө турган адамдын жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде шектүүлөргө жана айыпталуучуларга туугандары жана башка адамдар менен айына экиден ашпаган, ар биринин узактыгы 3 саатка чейин созулган жолугушуу берилет.

4. Туугандары жана башка адамдар менен жолугушуулар камакта кармоочу жайдын кызматкерлеринин контролу алдында жүргүзүлөт жана шектүүгө жана айыпталуучуга тыюу салынган буюмдарды, же болбосо кылмыш иши боюнча чындыкты аныктоого тоскоолдук кылышы мүмкүн болгон кабарларды берүүгө аракет жасалган учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

5. Кылмыштарды жасоого шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын алардын жактоочулары менен алар камакта кармалган жайлардагы жолугушуулары дем алыш күндөрү да берилет.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-19)
