# 15-берене. Камакта кармоочу жайлардын режими

- Документ: [Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-апрели № 85 "Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" "Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5530/edition/31361/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026423/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө", 15-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-15

---

1. Камакта кармоочу жайларда укуктук тартипти сактоого багытталган, шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоону, алардын өз милдеттерин аткарууну, аларды бөлөк кармоону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган милдеттерди аткарууну камсыз кылуучу режим белгиленет.

2. Режимди камсыз кылуу камакта кармоочу жайлардын администрациясына, ошондой эле кызматкерлерине жүктөлөт, алар өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

3. Камакта кармоочу жайларда кылмыштардын алдын алуу, бөгөт коюу, табуу жана бетин ачуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-16)
