# 13-берене. Камакта кармоочу жайлардын кызматкерлери

- Документ: [Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-апрели № 85 "Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" "Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5530/edition/31361/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026423/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө", 13-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-13

---

1. Камакта кармоочу жайлардын кызматкерлерине ички иштер органдарынын, жаза аткаруу системасынын катардагы жана жетекчилик курамындагы адамдары, улуттук коопсуздук органдарынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин камакта кармоо режимин камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарган аскер кызматчылары кирет.

2. Камакта кармоо режимин камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткаруу мезгилинде метеорологиялык станциялардын, геологиялык-чалгындоо экспедицияларынын, кыштоолордун башчылары, ошондой эле алар ыйгарым укук берген адамдар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген милдеттерди аркалайт жана укуктарды пайдаланат.

3. Ушул Мыйзамда камакта кармоочу жайлардын башчылары деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:

1) тергөө изоляторлорунун башчылары;

2) жаза аткаруучу мекемелердин башчылары;

3) убактылуу кармоочу изоляторлордун башчылары;

4) карамагына гауптвахталар кирген аскер бөлүктөрүнүн командирлери;

5) гарнизондук гауптвахталардын башчылары;

6) убактылуу кармоочу изолятордун (УКИ) же тергөө изоляторунун (ТИЗО) режиминде иштеген атайын жабдылган жайлар болгон учурда тартиптик аскер бөлүктөрүнүн командирлери.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-14)
