# 11-берене. Жазаны аткаруучу мекемелерди айыпталуучуларды камакта кармоо үчүн пайдалануу

- Документ: [Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-апрели № 85 "Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" "Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5530/edition/31361/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026423/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө", 11-берене (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-11

---

1. Түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан соттолгондор, башка кылмыш жасагандыгы үчүн кармалгандар ушул мекемелерде кармалышы мүмкүн, бирок алар жазасын өтөп жаткан соттолгондордон бөлөк кармалат.

2. Бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу колдонулган айыпталуучулар түрмөлөрдө же жазаны аткаруучу мекемелердин аймагында ушул максаттар үчүн атайын жабдылган, тергөө изоляторлорунун режиминде иштеген жайларда кармалышы мүмкүн.

3. Бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу колдонулган айыпталуучулар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган негиздер боюнча экспертиза дайындалган учурда, ошондой эле аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн учурда ушул Мыйзамдын 25-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган тартипте медициналык мекемелерге жаткырылат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026423/st-12)
