# 3-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө", "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө", "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230026420)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 24-апрели № 79 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө", "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө", "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026420/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5529/edition/31354/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026420/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө", "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө", "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3-берене (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026420/st-3

---

"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж. № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 13-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Эгерде Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдары же күрөө жөнүндө келишим күрөө берүүчүгө күрөөгө коюлган мүлктү камсыздандыруу милдетин жүктөсө, күрөө ошол камсыздандыруу полиси боюнча күрөө берүүчүнүн кандай болбосун укуктарына жайылтылат жана күрөө кармоочу түздөн-түз камсыздандыруучудан жана күрөө берүүчүнүн макулдугусуз камсыздандырып ордун толтуруунун кандай болбосун кийинки суммасынан өзүнүн камсыз кылынган талабын канааттандырууда артыкчылыктуу укукка ээ. Көрсөтүлгөн учурларда күрөө берүүчү күрөө кармоочуга камсыздандыруу полисин берүүгө милдеттүү. Эгерде Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарында же күрөө жөнүндө келишимде башкача каралбаса, күрөө берүүчү күрөөгө коюлган мүлктү талаптын өлчөмүнөн төмөн эмес суммага камсыздандырууга милдеттүү.".

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026420/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026420/st-4)
