13-берене
Күчүндө · 20.01.2026 редакциясы
1. Келишимдик негиздеги кызмат көрсөтүүлөр үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин түзүүнү жана аткарууну башкаруу жана акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча ыйгарым укуктар ММК фондуна жүктөлө тургандыгы белгиленсин.
2. ММК фондунун жана Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын эсептериндеги пайдаланылбаган каражаттардын калдыктары кезектеги бюджеттик жылга которулат.
3. ММК фонду бюджетти аткаруу процессинде Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарына келишимдик негизде көрсөтүлгөн кызматтар үчүн өз убагында жана толук акы төлөөнү жүзөгө ашырууга жоопкерчилик тартат.
4. ММК фондунун бюджетинин каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.
5. Саламаттык сактоо уюмдары жана ММК фонду тарабынан бюджеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү, ошондой эле саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу менен пайдаланылган каражаттар алар берилген тиешелүү бюджеттин кирешесине которулууга тийиш.
6. Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарына жылдын башына карата атайын эсептерде топтолуучу каражаттардын калдыктарын ушул Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин пайдаланууга уруксат берилсин.
Берененин тексти 20.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026416/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>