Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
431-берене. Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин, эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуусу
Күчүндө · 24.04.2025 редакциясы
1. Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында жүрүү укугун ырастоочу документтеринин (виза, каттоо, жашоого уруксаты, качкын деп таануу жөнүндө өтүнүчтү каттоо тууралуу күбөлүк, качкындын күбөлүгү, тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда эмгек ишин жүзөгө ашырууга уруксаты) жоктугун, же болбосо колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен мындай документтерди пайдалануусун же болбосо мыйзамдуу жүрүү мөөнөтү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүдөн качуусун билдирген Кыргыз Республикасында жүрүү, жашоо же эмгек ишин жүзөгө ашыруу тартибин бир айга чейинки мөөнөттө бузуусу, -
жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет; Ушул берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында каралган ошол эле жосун төмөнкү мөөнөттө жасалса: бир айдан үч айга чейин, - жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга; үч айдан алты айга чейин, - жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга; алты айдан бир жылга чейин, - жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга; бир жылдан ашканда, - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Чет өлкөлүк жарандардын кирүүдө билдирилген максатына ылайык келбеген максатта республиканын аймагында жүрүүсүн, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик өтүү эрежелерин сактабоосун билдирген Кыргыз Республикасында жүрүү тартибин бузуусу, -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, ыйгарым укуктуу органдын тышкы миграция чөйрөсүндөгү укук бузууларды жоюу жөнүндө жазма буйругун ал тапшырылган учурдан тартып 30 күндүн ичинде аткарбоосу, -
чет өлкөлүк жарандарды чыгарып жиберүүгө алып келет.";
2) 454-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 1-пункт:
- "1071," деген цифралардан кийин "1092," деген цифралар менен толукталсын";
- "431-беренесинин 2-бөлүгү" деген сөздөр "431-беренесинин 3-бөлүгү" деген сөздөргө алмаштырылсын";
б) 2-пунктунда "431-беренесинин 2-бөлүгү" деген сөздөр "431-беренесинин 3-бөлүгү" деген сөздөргө алмаштырылсын";
3) 456-беренеде:
а) биринчи абзацта:
- ", 1092" деген цифралар алып салынсын;
- "431-беренесинин 1-бөлүгү" деген сөздөр "431-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи абзац:
- "1071," деген цифралардан кийин "1092," деген цифралар менен толукталсын;
- "431-беренесинин 2-бөлүгү" деген сөздөр "431-беренесинин 3-бөлүгү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 485-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Улуттук коопсуздук органдары ушул Кодекстин 410 жана 411-беренелеринде жана 431-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзөт жана аларды соттун кароосуна жиберет.";
5) 493-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 421-426-беренелеринде каралган укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзөт жана аларды соттун кароосуна жиберет.";
6) 534-берененин 1-бөлүгүндө:
а) "99," деген цифралардан кийин "1092," деген цифралар менен толукталсын;
б) "431-беренесинин 2-бөлүгүндө" деген сөздөр "431-беренесинин 3-бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 565-берене төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Чет өлкөлүк жарандарга салынган айып пулдун төлөнбөй калышы чет өлкөлүк жарандарды чыгарып жиберүү түрүндөгү жаза чарасынын аткарылышына тоскоолдук кылбайт.".
Берененин тексти 24.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026412/st-431" title="431-берене - Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>