# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230026412)
- Толук аталышы: Кыргыз Респукбликасынын 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 80 "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 80
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026412/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5527/edition/31344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026412/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026412/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 430 жана 431-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"430-берене. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына чакырган же кабып алган адамдардын алардын жүрүүсүнүн белгиленген тартибин бузуусу

1. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына чакырган же кабыл алган адамдын аларды каттоонун жана жашап туруу, жүрүү, жашаган жерин өзгөртүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынан өз убагында чыгып кетүү укугуна документтерди тариздөөнүн белгиленген тартибин бир айга чейинки мөөнөттө бузуусу, -

жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга; Ушул берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында каралган ошол эле жосун төмөнкү мөөнөттө жасалса: бир айдан үч айга чейин, - жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга; үч айдан алты айга чейин, - жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга; алты айдан бир жылга чейин, - жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга; бир жылдан ашканда, - жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүнүн жана жүрүүнүн анык жүйөлөрүнө ылайык келбеген максаттарда чакыруу, жосунда кылмыштын белгилери болбогон учурда, -

жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

---

Кийинки берене: [431-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230026412/st-431)
