Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүндө · 22.04.2025 редакциясы
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-беренеде:
а) 3-бөлүктө:
- төмөнкүдөй мазмундагы 4, 5 жана 6-пункттар менен толукталсын:
"4) "Акылман" президенттик лицейинин жогорку кесиптик же орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окууну аяктаган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган бүтүрүүчүлөрү жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте;
5) Президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте;
6) Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларын артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөр жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте.";
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Ушул бөлүктүн 4, 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн адамдар Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталуучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрлар резервине киргизилет.";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, кадрлар резервин түзүүнүн, анын ичинде конкурстан тышкары тартипте түзүүнүн жана анын иштешинин тартиби Президент тарабынан аныкталат.".
2) 16-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Акылман" президенттик лицейинин, Президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларын артыкчылык диплому менен аяктаган бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен кадрлар резервинде турган талапкерлер мамлекеттик жарандык кызматтын же муниципалдык кызматтын кенже, улук жана башкы кызмат орундарына артыкчылыктуу тартипте дайындалат, бул учурда квалификациялык талаптар ушул Мыйзамдын 7-беренесине ылайык, ушул бөлүктө көрсөтүлгөн бардык адамдар үчүн бирдей сакталып калат.".
Берененин тексти 22.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230026401/st-1" title="1-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат үчүн жаңы муундагы кадрларды даярдоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>