# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 230 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмунун типтүү уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 230 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмунун типтүү уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026398>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41124/edition/31614/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026398.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 230 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмунун типтүү уставын бекитүү жөнүндө" токтому (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026398

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 24-апрели № 230

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмунун типтүү уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын ишин тартипке келтирүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмунун типтүү уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

1) эки айлык мөөнөттө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте мамлекеттик жана муниципалдык менчик формаларындагы жалпы билим берүү уюмдарынын уставдарын кайра бекитүү иштерин жүргүзсүн;

2) бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
