# Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы №3/2 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө КР Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” Жарлыгын айыл аймагында аткарууга алуу жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы №3/2 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө КР Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” Жарлыгын айыл аймагында аткарууга алуу жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3/2
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026365>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41102/edition/31277/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январындагы №3/2 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө КР Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” Жарлыгын айыл аймагында аткарууга алуу жөнүндө" токтому. (24.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026365

---

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз III сессиясынын жыйыны 2025-жылдын 24-январы № 3/2 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө КР Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” Жарлыгын айыл аймагында аткарууга алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө КР Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” Жарлыгындагы маркумду узатууда, сөөктү жайга коюуда жалпыга таанылган адеп-ахлактын, этиканын принциптерине каршы келбеген дин тутуу каадаларын жана салттарын эске алуу менен бул жөрөлгөнү айыл аймагында жөнгө салуу максатында Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 Жарлыгы айыл аймагында аткарууга алынсын.

2.Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык:

- маркумдарды жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү, мүрзөгө эстеликтерди коюуда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн дайыма түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

- мусулман кабырларынын аймагында таштан, граниттен, мрамордон, металлдан жана ушул материалдарды айкалыштыруу менен жасалган монументтерди, статуяларды, эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салынсын;

- мүрзөдөгү эстеликтер жана тосмолор жыгач материалдарынан даярдалсын жана бийиктиги 0,70 метрден ашпасын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы О.Абдимажит уулу) тапшырылсын.

Төрага:

А. Мойдунов
