# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-апрелиндеги № 234-т (2025-жылдын 22-апрелинен тартып 25-апрелине чейинки мезгилде “Коопсуздук-2025” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу өткөрүү туралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-апрелиндеги № 234-т (2025-жылдын 22-апрелинен тартып 25-апрелине чейинки мезгилде “Коопсуздук-2025” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу өткөрүү туралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 234-р
- Кабыл алынган күнү: 01.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026337>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19514/edition/31249/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230026337.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-апрелиндеги № 234-т (2025-жылдын 22-апрелинен тартып 25-апрелине чейинки мезгилде “Коопсуздук-2025” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу өткөрүү туралуу) тескемеси (01.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026337

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 1-апрели № 234-т

Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарууга мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын даярдыгын текшерүү, согуштук абал режимин киргизүүдө жана камсыз кылууда даярдыктын деңгээлин жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 2025-жылдын 22-апрелинен тартып 25-апрелине чейинки мезгилде министрликтердин, ведомстволордун бөлүмдөрүнүн башкаруу органдары (региондук, аймактык), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунун жана Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен “Коопсуздук-2025” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу (мындан ары – машыгуу) өткөрүлсүн.

2. Машыгууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча жетекчилик Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жүктөлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук райондорунун жана Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары машыгууга катышсын.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары (макулдашуу боюнча), Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын, Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунун мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) башчылары резервдик түзүлүштөр менен машыгууну өткөрүүнү камсыз кылууну уюштурууга көмөк көрсөтсүн.

5. “Кыргызтелеком” ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) машыгуулар өткөрүлүүчү райондордо байланыш кызматтарын көрсөтүүгө жана уюштурууга көмөк көрсөтсүн.

6. Бул тескемени ишке ашыруу министрликтердин, ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
