Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагында жайгашкан жерлерди „Айыл чарба багытындагы жерлер“ категориясынан „Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер“ категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-апрели № 228
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагында индустриялык-логистикалык борбор (бажы терминалын, соода пункттарын жана тейлөө пункттарын) куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 9-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2025-жылдын 18-февралындагы № 29-б жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 3-февралындагы № 5 чечимдерин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагында № 1612 контурдагы жалпы аянты 8,0 га сугат айдоо жери индустриялык-логистикалык борбор (бажы терминалын, соода пункттарын жана тейлөө пункттарын) куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
3) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
4) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
5) тиешелүү аймакта жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо боюнча колдонмону сактоону;
6) аймактын инфраструктурасынын, жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү жергиликтүү бюджеттин, жергиликтүү коомчулуктун жана жер участокторунун менчик ээлеринин каражаттарынын эсебинен уюштурууну;
7) жер участоктору пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда жер участокторунун менчик ээлерине карата көрсөтүлгөн жерлерди баштапкы абалга келтирүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюуну караган чараларды көрүүнү;
8) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык сактоону;
9) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерде үчүнчү жактардын укуктарын токтотууну жана бирдей баадагы жер участокторун берүүнү;
10) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын ордун толтуруунун наркынын суммасын төлөөнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2009 · № 257
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон